"Баткенде болгон окуяда Тажикстандын чек арачылары миномёт колдонуп Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясын бузду",- деп билдирди вице-премьер-министр Токон Мамытов.
Анын айтуусу боюнча, эгер Баткендеги чек ара жаңжалы сүйлөшүү жолу менен чечилбесе, Кыргызстан Тажикстандын үстүнөн доо арыз менен Эл аралык сотко кайрылат.
Эскерте кетсек, "Оор жаракатка алып келет деп саналган куралдарды колдонууга тыюу салуу же чек коюу" тууралуу БУУнун конвенциясы 1979-жылы 23-сентябрда кабыл алынган.