Биз социалдык тармакта

Намангандагы велоспорт мелдешинде кыргызстандык команда медаль утту

Наманган шаарында өтүп жаткан "Silk Way Namangan" аттуу велоспорт мелдешинин биринчи күнүндө кыргызстандык велоспортчулар байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан чыккан TOPVELO-ART командасы 1 чакырымдык командалык спринт (Team Sprint) түрүндө финалга чыгып, алтын медаль үчүн Казакстандын велоспортчулары менен ат салышты.

Жыйынтыктоочу айлампада спортчуларыбыз болгону 50 миллисекунд айырма менен экинчи орунду ээлешти.

Жыйынтык төмөнкүдөй болду:

  • 1-орун — 1 мүнөт 1 секунд 750 миллисекунд – Казакстандын Олимпиадалык даярдык борбору
  • 2-орун — 1 мүнөт 1 секунд 800 миллисекунд – Кыргызстандын TOPVELO-ART командасы
  • 3-орун — 1 мүнөт 4 секунд 145 миллисекунд – Казакстандын улуттук курама командасы.
велоспорт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан