Баткенде болгон чек ара чатагында жаракат алган лейтенанттар Токтоматов Алтынбек, Буйлашев Изат жана прапорщик Асылбеков Кутман дарылоо үчүн Бишкекке алынып келинет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Токон Мамытов бүгүн, 12-январда кабарлады.
Анын айтымында, Токтоматов Алтынбек жана Асылбеков Кутман жеңил жаракат алышты, ал эми Буйлашов Изаттын ичине 3 ок тийип, абалы оор.