Бүгүн, 12-январда вице-премьер-министр Токон Мамытов Баткендеги чек ара чатагынын хронологиясын журналисттерге айтып берди.
"Кечээ, саат 13:00 чамасында 40ка жакын Тажикстандын Чек ара аскерлигинин атайын даярдыктагы аскерлери (спецназ) КРнын чегинен ɵтүп келди. Аларды 30дай биздин чек арачылар тосуп чыгышты. Спецназды башкарган тажиктин Махмуд деген майору кыргыз лейтенанты Буйлашевдин башына мылтык такап жол курулушун токтотууга буйрук берип коркута баштаган. Анын жүрүм-туруму мас абалда болду деген ойдо калтырды. Буйлашев куралды алуусун суранганда Махмуд анын жакасынан алып ичке үч жолу ок коё берген. Мындан кийин эки тараптан атышуу башталган. Тажик тарабынан миномёт колдонулду. Алты оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган. Чатактын натыйжасында эки тараптан аскерлер жаракат алышты",- деп билдирди Мамытов.