"Баткендеги чек ара чатагына Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарапты күнөөлөп жатат",- деп билдирди бүгүн, 12-январда вице-премьер-министр Токон Мамытов.
Анын айтымында, "талаштуу жерге жол куруу менен Кыргызстан эл аралык келишимдерди бузду" деген Тажикстандын ТИМинин дооматы чындыкка дал келбейт. Себеби Ак-Сай – Кɵк-Таш жол курулушу талаштуу жерде эмес, Кыргызстандын аймагында жүрүп жатат.
"Бул жол региондорду туруктуу абалга келтирүү максатында курулууда. Тажикстан тышкы иштер министринин орун басары жол куруу кесепетинен кийин Ходжайлоо анклавы бөлүнүп калуу коркунучу бар экенин билдирди. Аталган айыл бөлүнүп калбайт, себеби жол куруу эл аралык мыйзамдарга каршы эмес",- деди Токон Мамытов.