11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен.
Токон Мамытов билдиргендей, тажик тарабы миномётторду электр трансформаторуна жана суу топтомду көздөй аткан. Жарылбаган снаряд аталган суу топтомдун жанында экен. Эгер ал жырылса, анда аймактагы айылдарды суу каптап кетмек. Ал эми миналардын бири электр трансформатордун жанында жарылып, иштөөдөн чыккан. Анын кесепетинен Ак-Сай айылы трансформатор алмаштырылгыча жарым күн жарыксыз калган.
Учурда Баткенде кырдаал туруктуу. Ак-Сай – Көк-Таш жол курулушу улантылууда.