13-январда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт, жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөнкүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -7°C
Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -10°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн -9°C
Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -8°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз -15°C, түнкүсүн -25°C
Бишкек шаары. Күндүз +9°C, түнкүсүн -4°C