Нарында дагы бир ирет жер титиреди

Бүгүн, 12-майда Нарында дагы бир ирет жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү саат 12:38де болгон. Жер титирөөнүн күчү Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 5 балл, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы айылдарында, Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 балл, Нарын районунун Учкун, Шоро, Баетов, 8-Март, Куланак айылдарында, Жумгал районунун Миң-Куш айылында 3,5 балл, Нарын районунун Эмгек-Талаа, Достук, Жан-Булак, Жергетал айылдарында, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында 3 балл, ал эми Нарын шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

ӨКМ учурда жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-майда саат 07:33тө Нарын облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан