Бишкекте милициянын жасалма күбөлүгү менен жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 10-январында жол-кайгуул кызматкерлери Ниссан Примера унаасынын айдоочусун токтотушкан. Текшерүү убагында унаанын техникалык паспорту жок экендиги аныкталган. Ошол учурда унаанын ээси 1988-жылы туулган Дүйшөн Акимжанов инспекторго милициянын лейтенанты экендиги тууралуу күбөлүк көрсөткөн. Документтин жасалма экендиги байкалып, ИИМдин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери чакырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочунун документи жасалма экендиги аныкталган. Айдоочу күбөлүктү өзү жасап алганын жана аны жол эрежесин бузган учурда колдонуу максатында алып жүргөнүн мойнуна алган.
Учурда унаа айып жайга токтотулуп, топтолгон материалдар иликтөө органдарына берилди.