Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу урнадан башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, дене 20дан ашык бөлүкчөгө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.