Жайыл районунда 12-январь күнү саат 11:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 190-чакырымындагы Фольксваген-Пассат жана Субару-Легаси унаалары кагылышып кеткен.
КРнын ӨКМсы берген маалыматка ылайык, жол кырсыгынын натыйжасында 3 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип, өлгөн 2 адамдын сөөгүн унаадан чыгарып алышкан. Үчүнчү адам “Тез жардам” кызматы аркылуу жакын жердеги фельдшердик-акушердик пунктка алып баратканда көз жумган. Ал эми калган жабыркаган жүргүнчүлөр Кара-Балта шаарындагы бейтапканага жеткирилген.