Зеленский Түркиядан Албанияга учуп кетти 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркиядан Албаниянын борбору Тирана шаарына учуп барды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда чет элдик басылмалар Украинанын ЖМКларына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Зеленский аталган шаарга Европалык саясий шериктештиктин саммитине катышуу үчүн барган.

"Ооба, президент саммитке катышуу үчүн Албанияга келди", - деп билдирген президенттин басма сөз катчысы.

Аталган саммитке Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын катыша турганы айтылган.

Белгилей кетсек, Зеленский кечээ, 15-майда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарына барган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2025-05-16 14:11:00
Дагы бир нерсе баштайт экен эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан