Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан соңку 24 саатта кеминде 153 киши набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазышты.
Ошондой эле кеминде 459 жарадар адам ооруканаларга жеткирилген.
Белгилей кетсек, 18-мартка караган түнү Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесине сокку урууну кайра баштаган. Өлкөнүн өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху чабуулдар ХАМАСтын ок атышпоону узартуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча АКШнын планын кабыл алуудан баш тартканы үчүн башталганын билдирген.