АКШнын мурдагы президенти Жо Байден рак оорусуна чалдыкканы айтылды. Бул тууралуу кечээ, 18-майда анын басма сөз катчысы билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 82 жаштагы Байденге аталган оорунун диагнозу өткөн жумада коюлган.
"Өткөн жумада Жо Байден оорунун белгилери көп байкалгандыктан текшерүүдөн өткөн. Дарыгерлер ага простата безинин рагы диагнозун коюшкан", - деп жазылат маалыматта.
Учурда Байден жана анын үй-бүлөсү дарылануу жолдорун карап жатышканы айтылды.