“Бишкекте жаш аялдын денесин бөлүктөргө бөлүп, таштанды салуучу урнага таштап кеткен” деген шек менен бир адам кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Жашаган үйдү текшерүүгө алышканда, өлгөн аялдын башы, денесинин айрым бөлүктөрү табылган.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу урнадан башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүкчөгө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат