Маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган жана опузалап акча талап кылган деп кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, кармалган шектүүлөр "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобунун курамына кирген.
Белгиленгендей, уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери менен Б.Т. сүйлөшүп алып, бир жарандын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында жайгашкан 2 миллион сомдук жерин тартып алган. Кийин туугандарына каттап берген. Мындан тышкары, үч шектүү опузалап коркутуу аркылуу башка жарандан 300 миң доллар алып, Көлбаевге алып барып бергендиги кошумчаланган. Бул кылмыштар боюнча жарандар күч түзүмдөрүнө кайрылган.
Ошондой эле Б.Т. кызмат учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн калкалап тургандыгы ачыкталганы айтылды.
Топтолгон материалдардын негизинде шектүүлөр 16-майда кармалып, камакка алынды.
Айрым маалымат каражаттары кармалгандар Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын мурунку директору Асеин Төрөгелдиев жана Чыңгыз Таалайбек уулу экендигин жазышууда.