АКШнын Коргоо министрлиги Катардын падышалык үй-бүлөсү тарабынан президент Дональд Трампка белек кылынган Boeing 747 учагын расмий түрдө кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазышты.
Министрликтин маалыматына караганда, аталган учак бардык федералдык эрежелерге ылайык кабыл алынган.
Ошондой эле учак АКШнын Коргоо министрлиги менен өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнө ылайыкташтырыла турганы айтылды.
Буга чейин белек кылынган учактын баасы дээрлик 400 миллион доллар турары белгилүү болгон.