Кыргызстандык белгилүү улакчы Манас Ниязов Кытайда күйөрмандарынын курчоосунда калып, стадиондондогу калыстар отуруучу жерге чейин полициянын жардамы менен барды.
Социалдык желеге тараган видеодо этникалык кыргыздар улакчыны курчоого алып, сүрөткө түшүп, кубаттап жатышканын байкоого болот. Ал эми полиция кызматкерлери аны күйөрмандардын арасынан алып чыгып, калыстар отуруучу жерге чейин жеткиришти. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулар аны "Манас" деп кыйкырып сүрөөнгө алышты.
Айта кетсек, улакчы Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү менен учурда Кытайда иш сапарында жүрөт. Анын алкагында Уйгур автономдуу районунда ат оюндары уюштурулду.