Акыркы сутка ичинде республика аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 13-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 4, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдүн келип чыгуусуна көпчүлүк учурларда меш жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.