Токтогул районунун аймагында жер титиреди. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн, 13-январда саат 01:48 чамасында катталган. Зилзаланын күчү 1,5-2 баллга жеткен. Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес. Жер силкинүүнүн очогу Токтогул районунун Жаңы-Жол айылынан түндүк-батышты карай 10 чакырым аралыкта катталган.