12-январь күнү Бишкектеги үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн 1 аял каза тапты. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, тиричилик буюмдары менен кошо бөлмөнүн 6 чарчы метри күйүп кеткен. Өрт кырсыгынын кесепетинен үйдүн кожойкеси В.Кузнецова каза болгон. Өрттүн себептери такталууда.