Кечээ, 12-январда Ош облусунун Кара-Суу районундагы турак үйлөрдүн биринен 6 тонна жыйылган чөп күйүп кетти. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 2011-жылы туулган баласы себепкер болгон. Ал чөптүн жанында ширеңке чагып ойногон.