Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров сүйлөшкөн кызы Юлия Вавилова үчүн Голливуд тасмасындагы ролду 400 миң долларга сатып алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дуров Вавилова менен бирге 23-майда Канн кинофестивалындагы amfAR кайрымдуулук кечесине катышкан. Иш-чаранын алкагында аукцион өтүп, Дуров Спайк Ли тарта турчу Голливуд тасмасындагы аялдын ролун сатып алган.
Эске салсак, Павел Дуров менен Юлия Вавилованын мамилеси былтыр август айынын аягында коомчулукка белгилүү болгон.