Кечээ, 25-майда Монакодо Формула-2 жарышынын 4-этабынын башталышында ири кагылышуулар орун алды.
Старт берилгенден кийин дароо ирландиялык Алекс Данндын (Родин Моторспорт) жана француз Виктор Мартинстин (ART Grand Prix) унаалары биринчи бурулушта эле кагылышты. Анын кесепетинен арттагы унаалар да сүзүшүп, натыйжада 11 унаа катышкан кырсык катталган.
Жарым сааттан ашык убакытка жарыш токтотулган. 7 айдоочу, анын ичинде Данн жарышты уланта албай калышкан.