Израилдин Газадагы мектепке жасаган соккусунан 25 киши набыт болду. Al-Jazeera телеканалы кабарлагандай, ал жакта качкындар болгон.
Белгилүү болгондой, учурда Израил Газа тилкесиндеги масштабдуу чабуулун улантууда.
Кечээ, 25-майда чет элдик басылмалар Израилдин Коргоо күчтөрүнүн аскерлери акыркы 24 сааттын ичинде 100дөн ашык бутага сокку ургандыгын билдиришкен болчу. Алардын арасында ХАМАС колдонгон имараттар, ракета аткычтар, тоннелдер жана башка инфраструктуралар бар экени айтылган.
Ал арада аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил 18-марттан бери аткылоону кайра баштагандан бери Газада 3700дөн ашуун адам өлүп, 10700дөн ашууну жарадар болгонун ырастады.