Бишкекте автоунааны айдап качышкан 2 адам кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-январда Хонда Одиссей унаасын белгисиз адамдар айдап качышкан. Алар унааны токтоп турган жеринен уурдашкан. Окуя тууралуу 35 жаштагы унаанын ээси милицияга кайрылган. Жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип 35 жана 34 жаштагы адамдар кармалды.