Бүгүн, 26-майда Румыниянын жаңы шайланган президенти Никушор Дандын инаугурациясы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн чет элдик басылмалар жазышты.
Анда маалымдалгандай, Дандын ант берүү аземи Бухаресттеги парламенттин биргелешкен пленардык жыйынында өткөн.
Ал сөз сүйлөп жатып румыниялыктарга фундаменталдуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, саясий партияларды улуттук кызыкчылык үчүн аракеттенүүгө чакырды.
Кабарлай кетсек, Румынияда 19-майда шайлоонун экинчи айлампасында Дан жеңишке жеткени маалымдалган. Аны шайлоочулардын 53,6 пайызы колдогон.
Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Румынияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өткөн. Анын лидери көз карандысыз талапкер Калин Жоржеску болгон. 6-декабрда өлкөнүн Конституциялык соту одоно мыйзам бузуулар катталды деген жүйө менен добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.