ДСУ Суданда 20 миллиондон ашык адам ачарчылыктан жапа чегип жатканын билдирди 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Чыгыш Жер Ортолук деңизи боюнча аймактык бюросунун директору Ханан Балхи Судандагы гуманитардык кризис тууралуу айтты. Бул тууралуу ал Женева шаарында өткөн брифингде билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышты.

"Дүйнөдө жетиштүү көңүл бурулбай жаткан дагы бир кыйратуучу кризис — бул Судан. Азыркы тапта ачарчылыктан жана жетишсиз тамактануудан 25 миллион адам жабыркап жатат, алардын ичинде 770 миң бала бар", — деди ал.

Балхинин айтымында, учурда Судандын согуштан кыйраган саламаттыкты сактоо системасын бир эле учурда холера, полиомиелит, кызамык жана безгек оорусу сыяктуу эпидемиялар да кыйнап турат.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 15-апрелинен бери Судандын куралдуу күчтөрү Ыкчам аракеттенүүчү күчтөргө каршы салгылашуулар жүрүп жатат.

ДСУнун маалыматы боюнча, саламаттыкты сактоо мекемелерине, тез жардам унааларына, бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге жасалган 167 кол салуудан 1120дан ашуун адам каза болгон.

Ушул жылдын май айында ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс Судандагы кагылыштан 32 миңдей адам каза болгонун, калктын 30 пайызы жер которууга аргасыз болгонун жана 20 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан