Жиу-житсу боюнча курама команда Азия чемпиондугунда 2 күмүш медалга ээ болгонун бүгүн, 27-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чемпиондук Иорданиянын Амман шаарында өттү.
Жаштар арасында Рамазан Тянгубер 69 килограммга чейинки салмакта катышты. Ал жалпы төрт беттеш өткөрүп, финалдык беттеште казакстандык спортчуга жеңилди.
Чоңдор арасында Руслан Сагдеев 94 килограммга чейинки категорияда катышты. Финалга чейин Бириккен Араб эмиратынын, Филиппин жана Иорданиянын балбанын жеңди. Финалдык беттеште сауд арабиялык спортчуга жеңилди.
Курама команда машыктыруучу Абдурахман Муртазалиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышкандыгы маалыматта кошумчаланды.