Англиянын Ливерпуль шаарында айдоочу жеңил унаа менен чогулган элди сүзүп кеткен окуядан 47 адам жаракат алган.
The Guardian басылмасынын маалыматы боюнча, 27 киши ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен экөө оор жаракат алган. Окуя болгон жерде дагы 20 кишиге жардам көрсөтүлгөн. Кармалган айдоочу 53 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталган.
Айдоочуга унааны курчап калгандар тарабынан кол салуу аракети болгон. Бирок укук коргоо органдары аларды артка сүрүүгө жетишкен. Басылма полиция фактыны терроризм катары эсептебей турганын кошумчалады.
Би-Би-Си куткаруучулар окуя болгон жерге барганда 4 адам, анын ичинде 1 бала унаанын астында калганын жазды.
Буга чейин кечээ, 26-майда "Ливерпуль" футбол клубунун Премьер-Лигадагы жеңишин майрамдап жаткан күйөрмандарды унаа тебелеп кеткени маалым болгон.