Үстүбүздөгү жылдын 12-январында “ЗиЛ” лыжа базасынан эс алып келе жатып, Мерседес Спринтер унаасы кар күрткүсүнө кирип кетти. Окуя саат 18:30дар чамасында катталып, ага айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгон. Унаада жалпы 23 адам болгон. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Куткаруу кызматынын куткаруучулары 19 адамды Бишкек шаарына алып келип, үйлөрүнө жеткирип коюшкан.