Казакстанда боди-массаж салонун ачкан аялдын мыйзамсыз тапкан 1,5 миллиард теңгеден ашуун суммадагы мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Бекшуинова аттуу аял "СПА-борбор" ачып, анда боди-массаж кызматтарын көрсөткөн. Ал жерде жалпы 15 кыз иштеп, күнүнө 3-4 кардарды тейлешкен. Кызматтардын баасы 30 миңден 150 миң теңгеге чейин болгон.
"Орточо эсеп менен эки жылдын ичинде аял 2 миллиард теңгеден ашуун кылмыштуу киреше тапкан. Биз каржылык иликтөө жүргүзүп, анын 1,5 миллиард теңгеге бааланган мүлкүн - батирлерди, коммерциялык объекттерди жана люкс автоунааларды аныктадык," - деди Казакстандын Финансылык мониторинг агенттигинин төрагасынын орун басары Жеңиш Елемесов.
Ал аял аталган сумманын бир бөлүгүн айыл чарба продукцияларын сатып алуу жана сатуу бизнесине жумшап, ошол жактан да кошумча киреше алганы кошумчаланды. Текшерүү учурунда 88,5 миллион теңгени легалдаштырып, 95 миллион теңге киреше тапканы белгилүү болгон.
Бекшуинова сот тарабынан айыптуу деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылды.
"Бул иш - кылмыштуу кирешелерди аныктап, мамлекеттин пайдасына конфискациялоо кандай маанилүү экенин айкын көрсөтүп турат", - деди Елемесов.