Жалал-Абад облусунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу уюшкан кылмыштуулукка каршы ИИМдин түштүк аймагы боюнча башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 24-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Адыл аттуу жергиликтүү тургуну эки адам менен кошо райондун 48 жаштагы жашоочусун ДЭУ Матиз унаасына салып жаңы конуштардын бирине алып барып ташташкан.
ИИМдин атайын каттоосунда турган 32 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 2013-жылы Өзбекстандын Фергана облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан да издөөгө алынган. Чек араны мыйзамсыз өтүү жана акча талап кылуу боюнча шектелген кылмышкер 11-январь күнү кармалган. Иликтөө иштери жүрүүдө.