Санкт-Петербург шаарынын чыгышында жердештери менен мушташынан Кыргызстандын жараны ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 13-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:49да окуяга күбө болгондордон полицияга кабар түшкөн. Окуя болгон жерде “Спарта” кафеси жайгашканы жана ал жерге келген Кыргызстандын жарандарынын ортосунда пикир келишпестик чыгып кеткени белгилүү болгон. Мушташ башталып, андан жаракат алган 27 жаштагы жигит ооруканага жеткирилген.