Таиланддык бийкеч "Дүйнө сулуусу" аталды (фото)

Индиянын Хайдарабад шаарында өткөн "Дүйнө сулуусу-2025" сынагында 21 жаштагы таиланддык модель Сучата Чуангсри жеңишке жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, ага таажыны былтыркы "Дүйнө сулуусу" наамынын ээси, чехиялык 25 жаштагы Кристина Пышкова тапшырган. Муну менен Чуангсри "Дүйнө сулуусу" сынагын жеңген Таиланддын биринчи өкүлү болду.

Мелдеште экинчи орунду эфиопиялык Хасет Дрей Адмассу, үчүнчү орунду польшалык Майя Клайда ээледи.

"Дүйнө сулуусу-2025" сынагы 7-майдан 1-июнга чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өттү. Сынакка 132 өлкөдөн барган 108 адам катышты. Аталган сынак Индияда экинчи жыл катары менен өтүп жатат. Былтыркы сынак Мумбай шаарында өткөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан аталган сынакка "Кыргызстан сулуусу-2025" наамынын ээси Айжан Чаначева барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан