Таласта жергиликтүү кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Талас облусунун Айтматов районунда турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Чолпонбай айыл аймагында 2021-жылы айыл өкмөттүн жана каттоо органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан 2 гектардан ашуун жер тилкеси 10 адамга мыйзамсыз берилип кеткен.

Факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголуп, жер тилкесин кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан