Түркияда Покемон Пикачу кайрадан нааразычылык акциясына катышканын чет элдик басылмалар жазышты.
Кечээ, 1-июнда Анталья шаарында Стамбулдун мэри, учурда абакта жаткан Экрем Имамоглунун бошотулушун талап кылган митинг өттү.
Эске салсак, март айында Анталья шаарындагы Пикачунун полиция кызматкерлеринен качып бара жаткан видеосу социалдык баракчалардын колдонуучуларынын арасында популярдуулукка жеткен. Көп өтпөй ал кармалганы айтылган.