Москва шартсыз ок атышууну токтотууга жана мамлекет башчыларынын жолугушуусуна макул болгон жок. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Рустем Умеров билдиргенин "Страна.ua" басылмасы жазды.
Анын айтымында, тараптар "6000ге 6000" формуласы боюнча каза болгондордун сөөктөрүн жана оор жарадар болгон жоокерлерди алмашууну макулдашышкан. Ошондой эле Умеров украин делегациясы орустарга июнь айынын аягына чейин дагы бир жолугушуу өткөрүүнү сунуштаганын белгилеген.
"Биз оор жарадарларга, оорулууларга жана жаштарга көңүл бурабыз. Каза болгондордун сөөктөрүн алмаштыруу да артыкчылыктуу болот", - деген ал.
ТАСС агенттиги Стамбулдагы сүйлөшүү бир саатка гана созулуп, орус тилинде өткөнүн жазды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда Түркиянын Стамбул шаарында Орусия менен Украина делегацияларынын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 2-айланпасы болду.