Таиланддын Пхукет аралындагы Tiger Kingdom зоопаркында жолборс аны менен сүрөткө түшүүнү каалаган индиялык туристке кол салган.
SHOT Telegram каналы турист жеңил жаракат алганын жазат. Аталган зоопаркта жаныбарларды эркелетүүгө уруксат берилген.
Видеодон турист алгач жолборс менен сейилдеп бара жатканын көрүүгө болот. Ал жырткыч менен сүрөткө түшкүсү келген. Машыктыруучу анын каалоосун орундатууну көздөп, жолборсту арткы буттары менен отурушу үчүн атайын таяк менен акырын чапкан. Жаныбар бул ишаратка реакция кылып, жанында отурган туристке кол салган.