Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын, Орусиянын жана Украинанын лидерлери Дональд Трамп, Владимир Путин, Владимир Зеленскийдин Стамбулда же Анкарада жолугушуусун уюштура аларына үмүттөнөрүн билдирди.
"Биз Зеленский, Путин жана президент Трамптын жолугушуусун Стамбулда же Анкарада өткөрөбүз деп үмүттөнөбүз", — деп келтирет анын сөзүн түрк басылмалары.
Орусия менен Украинанын делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнө токтолгон Эрдоган, бул байланыштарды маанилүү деп эсептей турганын жана алардын Түркияда өтүп жатканына сыймыктанарын белгилеген.
Айта кетсек, бүгүн, 2-июнда Стамбулда орус-украин делегацияларынын ортосунда сүйлөшүү болду. Тараптар "6000ге 6000" формуласы боюнча каза болгондордун сөөктөрүн жана оор жарадар болгон жоокерлерди алмашууну макулдашышканы айтылды.