Түштүк Кореяда президенттик шайлоо башталды

Бүгүн, 3-июнда Түштүк Кореяда мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жарандар аскердик абал киргизүүгө аракет кылгандыгы үчүн кызматтан алынган Юн Сок Ёлдун ордуна жаңы мамлекет башчысын тандап жатышат.

Президенттик кызмат үчүн негизги эки талапкер катышууда. Демократиялык партиядан Ли Чжэ Мён жана кызматтан кеткен президенттин консервативдик "Жарандык күч" партиясынан Ким Мун Су талапкер болууда. Сурамжылоолор боюнча Ли Чже Мён Кимден 10-14 пайыз артыкча добуш алып, шайлоочулардын жарымынын колдоосуна ээ болууда.

Ал эми шайлоо бир тур менен өтөт жана эң көп добуш алган талапкер дароо эле президент жана аткаруу бийлигинин башчысы болуп калат.

Ли менен Кимден тышкары дагы үч талапкер президенттикке ат салышууда, бирок сурамжылоолор алардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок экенин көрсөтүүдө.

Ли Чжэ Мён 2022-жылдагы президенттик шайлоого да катышып, Юн Сок Ёлго бир пайызга жетпеген айырма менен жеңилген.

Эске салсак, Юн Сок Ёль былтыр, 3-декабрда, аскердик абал жарыялоо үчүн армияга парламентти көзөмөлгө алуу буйругун берген. Бул аракет ийгиликсиз болуп, өлкөдө чоң саясий кризиске алып келген. 14-декабрда парламент Юнга импичмент жарыялап, 15-январда ал камакка алынган. Ал эми 4-апрелде Конституциялык сот импичментти күчүндө калтырган соң, мөөнөтсүз президенттик шайлоо дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан