Бишкекте каракчылык фактысы боюнча 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.
Маалыматта кабарлангандай, 23 жаштагы кыз курбусу менен биргеликте Салам-Алик жаңы конушунун 25 жаштагы тургунуна кол салган. Алар күч менен жигиттин уюлдук телефонун жана 2 миң сомдук зер буюмун тартып алышкан.
Кылмыш иши сууй электе Биринчи Май райондук ИИБинин кызматкерлери шектүү катары 23 жана 29 жаштагы кыздарды кармашкан.