Монголиянын парламенти өлкөнүн премьер-министрин кызматынан алды

Монголиянын парламенти жашыруун добуш берүүдөн кийин өлкөнүн өкмөт башчысы Лувсаннамсрай Оюн-Эрдэнэнин отставкага кетиши жөнүндө резолюция кабыл алды.

Чет элдик басылмалар жазышкандай, премьер-министрди кызматтан алуу боюнча парламентте добуш берүү анын уулу ысырапкорчулукка жол берген деген айыптоолордон улам жаралган нааразычылык акцияларынан кийин болгон. Көптөгөн жарандар анын отставкага кетишин талап кылып, өлкөдө курч саясий кырдаалга алып келген.

Ал жаңы премьер-министр дайындалганга чейин өз милдеттерин аткарууну улантат. Мыйзамга ылайык, жаңы өкмөт башчы 30 күндүн ичинде дайындалышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан