Белгилүү композитор Евгений Дога дүйнөдөн кайтты

Белгилүү молдовалык композитор Евгений Дога дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, композитор 88 жашта болчу. Ал 1957-жылы, опера ырчысы Мария Биешу Молдова телесинде "Бактын ак гүлү" аттуу ырын аткаргандан кийин кеңири таанымал болгон. Доганын ырларын бир нече жыл советтик эстраданын жылдыздары, анын ичинде Алла Пугачёва да аткарып жүргөн.

Композитор театр жана балет үчүн да музыка жараткан. 1960-жылдардан тартып кинофильмдер үчүн да музыка жаза баштаган. Анын эң белгилүү чыгармаларынын бири катары "Менин назик жана жумшак жаныбарым" аттуу вальсы эсептелет.

Молдованын президенти Майя Санду Доганын каза болушуна байланыштуу өлкөдө улуттук аза күтүү жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан