Кылмышка шектүү жаш аялдын денесин бөлүктөргө бөлүүдө ашкана бычагын жана балта колдонгон. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү менен маркум 2013-жылдын декабрь айында түнкү клубдардын биринде таанышышкан. Үстүбүздөгү жылдын 10-январында кылмышка шектүү маркумду үйүнө чакырып, экөө спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соң экөөнүн ортосунда уруш чыгып, кылмышка шектүү аялды балка менен башка чаап өлтүргөн. Ал кылмыштын изин жашыруу максатында жансыз денени бөлүктөргө бөлүп, таштандыга таштап салган. Ал эми маркумдун башы окуя болгон үйдөн алыс эмес жердеги курулуп жаткан үйлөрдүн жер төлөсүнөн табылган.
Учурда бул кылмышка шектелип, 1987-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Наиль Надиров кармалган. Ал жашаган үйдү текшерүүгө алышканда маркумдун кийимдери, балта, ашкана бычагы табылган. Аларда кандын издери болгон.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу урнадан башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүкчөгө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.