Баткен облусунун Кадамжай районунда 20 жаштагы жигит милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын улук тескөөчүсүнө анын кызматтык бөлмөсүндө 5 500 сом пара сунуштаган. Ал өзүнө карата укук бузуу боюнча протокол түздүрбөө жана унааны айып короодон чыгарууга аракет кылган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.