
Бишкекте 11-15-июнь күндөрү III Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана спорт министрлигинен билдиришти.
Фестивалдын ачылышы 11-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Ал эми жабылышы 15-июнда саат 18:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Фестивалдын
программасына ылайык, бир нече иш-чара каралып, ар кайсы локацияда өтөт.