Жүк ташуучу унаанын артына кирип кеткен... Кара-Сууда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды (видео)

Бүгүн, 4-июнда Ош–Кара-Суу унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бурулушта токтоп турган жүк ташуучу унаанын арткы бөлүгүн Hyundai Grandier үлгүсүндөгү унаа токтой албай сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болгон. Окуя болгон жерде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда.

Башкармалык кошумча маалымат берилерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ысым
2025-06-04 22:45:00
А видео деп жазып коюп, кайдан көрүш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан