Кыргыз-тажик атышуусун кыргыз чек ара кызматчысы Улан Шаршеев ок астына чыгып токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда КРнын Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев билдирди.
Анын айтымында, ок атышууну тажик тарабынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек арага байланыштуу атайын даярдыктагы аскерлигинин (спецназ) башчысы баштаган. Атышуу кыргыз чек ара кызматчысы Улан Шаршеев ок астына чыккандан кийин токтогон.
“Чек ара чатагынын натыйжасында кыргыз тарабынан 5 чек арачы жана 1 Ички иштер министрлигинин кызматчысы жаракат алышты”, - деп кошумчалады Райимберди Дүйшөнбиев.