Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ лидери Дональд Трамптын Гренландияны Кошмо Штаттарына кошуу тууралуу айткан билдирүүлөрүнөн кийин Даниянын курамындагы аралга барган биринчи чет элдик мамлекет башчы болот. Бул тууралуу BFMTV телеканыл Елисей сарайына шилтеме берүү менен билдирди.
"Франция президенти АКШ президенти аннексиялайбыз деп коркуткандан кийин аймакка барган биринчи чет элдик мамлекет башчы болот... Ал Даниянын жана Гренландиянын премьер-министрлери менен Түндүк Атлантикадагы жана Арктикадагы коопсуздукту талкуулайт", - деп айтылат маалыматта.
Расмий сапар Гренландиянын жана Даниянын премьер-министрлеринин чакыруусу менен 15-июнда болору белгиленген. Лидерлер аймактагы коопсуздук маселелеринен тышкары климаттын өзгөрүшүн жана маанилүү кендерди камсыздоону талкуулашат. Иш сапар Гренландия менен жогоруда аталган багыттар боюнча жана европалык суверенитетти бекемдөөгө багытталган.
Белгилей кетсек, Трамп Даниянын курамындагы Гренландия аралын Кошмо Штаттарга кошуу керектигин бир нече ирет айткан.